• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

ИИМ: Милициянын мурунку кызматкеринин кайрылуусу боюнча текшерүү жүрүүдө

31 Баш оона 202215:08 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду сындап, социалдык тармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылган мурдагы кызматкер тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда милициянын улук лейтенанты Чубак Сыргакбек уулу былтыр жайында иштен алынганы, буга аялы менен үч жашар уулуна кол көтөргөнү негиз болгону айтылат.

«2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Фуркат айылынын 28 жаштагы Ш.А. аттуу жашоочусу (аял киши) арыз менен кайрылган. Арызда 2021-жылдын 10-июль күнү саат 16:00 чамасында күйөсү Сыргабек уулу Чубак пикир келишпестиктен улам арыз ээсин жана 3 жаштагы уулун уруп, денесине жарат келтиргендигин билдирген.

Чогултулган материал Кара-Суу милициясынын электрондук журналына катталып, 2021-жылдын 12-июль күнү Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуларга алган жараттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

2021-жылдын 28-июлдагы Ош облустук соттук-медициналык экспертизанын кортундусуна ылайык, арыздануучу жана анын уулунун жеңил жаракат алгандыгы боюнча кортундусу чыккан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун күйөөсү Араван райондук ички иштер бѳлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык өкүлү катары кызмат өтөй тургандыгы аныкталгандыктан, Ички иштер министрлигинин Ички иликтѳѳ кызматынын 3-башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, Сыргабек уулу Чубак Укук коргоо органдарынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү мыйзамынын талаптарын одоно бузгандыгы аныкталып, «Сөгүш» жана Ош милициясынын 2021-жылдын 22-июлундагы буйругу менен кызматтан бошотуу боюнча буйругу чыккан», — деп айтылат маалыматта.

Мунун алдында Чубак Сыргакбек уулу Фейсбук аркылуу кайрылуу жасап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Абитовду коррупцияга, мыйзамсыз иштерге байланыштуу айыптаган жана мындай көрүнүштү айтып чыкканы үчүн кызматтан алынганын билдирген. Ал аялын урганы тууралуу маалыматка жооп бере элек.

ИИМ тараткан маалыматта Сыргакбек уулу кызматтан алынганына байланыштуу сотко кайрылганын, учурда териштирүү уланып жатканы айтылат.

Количество просмотров: 106