• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

ИИМ министрине Исаковдун ичи чыкпайт

16 Үчтүн айы 20189:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.01.18.Govori.TV

Өкмөт башчы Сапар Исаков өлкөдөгү криминалдык абалга кабатыр болуп жатканын, бул жагдай боюнча коомчулукта кооптуу жагдай жаралганы тууралуу кабатырлангандар арбын экенин күч органдарынын катышуусундагы жумушчу жыйында айтып өттү.

“Тиешелүү органдар жыйынтыктуу иш алып барып, бул кырдаалды жөнгө салышы керек. Элде талап-тоно, карактоо сыяктуу кылмыш фактыларынын көп кездешип жатканына тынчсыздануу бар”,-деген өкмөт башчы тартип коргоо органдары өлкөнүн өнүгүү программасына ылайык иштерге ыкчам киришүүсүн тапшырды.

Ал эми ИИМ министри Улан Исраилов болсо тармакта азыр негизги күч кылмыш иштерин ачуунун сапатын арттыруу, кылмыштарды ар кандай негизде жаап-жашырууга жол бербөө, тергөөнүн сапатын көтөрүүгө жумшалып жатканын айтып, “былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кылмыштардын бетин ачуу фактыларынын көрсөткүчү абдан мыкты. Биз айрыкча, резонанстуу, ири кылмыштардын бетин ачууда ийгиликтүү иштеп жатабыз”,-деп жооп кайтарды.

Тилекке каршы, акыркы маалда өлкө боюнча талап-тоноо, курал менен коркутуп, карактоо, кол салуулар арбын болуп жатканын ИИМ министри моюнга алгысы келбегендей. Өкмөт башчы да бул кашкайган фактылар боюнча катуураак талап койо алган жок…

Количество просмотров: 23