• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМ: Бишкектеги митингден кийин 21 адам кармалды

17 Үчтүн айы 2019 18:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV

“Ала Тоо” аянтына чыккандарга карата тушүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан коомдук тартипти бузууга аракет жасагандар Биринчи Май РИИБүнө жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн “Ала-Тоо” аянтында митинг кылып жаткан жарандар Бишкек шаардык мэриясына берген уруксаат каты боюнча кундүзгү саат 10.00дон саат 13.00 чейинки убакытта митинг өткөрүп андан соң өздөрү тарап кетүү боюнча милдеттенмени алышкан.
Саат 13.00 митингге чогулгандарга тынч митингдерди өткөрүүгө берилген убакыт бүткөндүгүнө байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Э.Атантаев микрофон аркылуу түшүндүрү иштерин жүргүзүп, убакыт саат бүткөндүгүнө байланыштуу тынч тарап кетүүсүн өтүнүп, мындан ары митингди өткөрүү мыйзамсыз боло тургандыгын эскертти, кошумча убакыт да берилди, бирок чогулгандар тарап кеткен жок.
Ошол мезгилде жарандык активист митингди уюштуруучулардын бири Аманбол Бабакулов «митинг аяктады, тарагыла. Биздин өтүнүчтөр бийлик өкүлдөрүнө жеткирүүгө атайын топ кетти, жообу жакын арада берилет»,-деди. Бирок чогулгандар тараган жок.
Саат 15.00 митинг учурунда катышуучулардын арасынан тузүлгөн атайын топ келип биздин талаптар Жогорку Кеңештин вице-спикерине берилди, жакын арада жооп берилет деген топтун сөзүн ошол жерде чогулгандар уккусу келбей, провакация чыгарууга аракет жасашып, айрымдары автоунаа өтүүчү жолго чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан автоунаалардын журүшүнө тоскоол жаратып, алардын ичинен кыйкырышып, сөгүнүп коомдук тартипти бузгандыктарына байланыштуу 15.30 убактысында Бишкек шаардык ИИББнын кызматкерлери тарабынан жыйырма бир митингге катышкан жаран Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, коомдук тартипти бузгандыктары боюнча материалдар толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүү иш чаралары жүргүзүлүүдө. Калган митингге келгендер “Ала Тоо” аянтынан үй жайларына тарап кетишти.

Количество просмотров: 3