Бишкек. 18. 01. 2018. Govori.Tv
Бүгүн, борбордун Эркиндик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери кылмышкерди кармоо операциясын өткөргөндүгү тууралуу айрым ММКлар жазып чыгышкан. Бирок, ИИМ бул маалыматты төгүнгө чыгарды. “Бул жерде кылмышкерди кармоо болгон жок. Оперативдүү маалыматтар боюнча шектүү делген унааны тинтүү болду. Мындай операциялар күн сайын эле болуп турат, кооптонуунун кажети жок”,-деп билдирди ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов Govori.Tv агенттигине.
Бирок, ал унаа кандай өңүттө шек жаратканын, кайсыл кылмыш ишине байланыштуу жүргөнүн айткан жок
Эске сала кетсек, жыл жаңыргандан бери өлкөдө карактоо фактысы көп катталып, коомчулук кооптонуп турган чак.
Видео Кактус порталынан
https://www.youtube.com/watch?time_continue=2&v=ErJRgHWo3Vw