• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

ИИМ: Суу менен аткан техникалардын турушу мурдагы президенттин тегерегиндеги окуяларга тиешеси жок

19 Теке 201917:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.

Социалдык түйүндөрдө Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскер аймагында жолдо токтоп турган суу менен атуучу автоунааларды мурдагы президенттин айланасындагы окуялар менен байланыштырышууда.
Аталган унаалардын видеосу коомчулукка жарыяланып, айрым интернет колдонуучулар «Учурдагы бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «сюрприз» жасап жаткан жокпу?» деген сыяктуу суроону узаткан.

Ал эми ИИМ суу менен атуучу автоунаалар эмне үчүн көчөдө турганын түшүндүрдү.

«Алар суу толтуруу үчүн гана чыгып, кайта ордуна кайтып келди. Анын мурдагы президенттин айланасындагы окуяларга тиешеси жок. Бул күн сайын боло турчу машыгуу», — деп ИИМден билдиришти.

https://www.facebook.com/zara.kalieva.58/videos/456415541860884/
Количество просмотров: 31