Төкмө акын Болот Назаровдун баш коргоо чарасы жакынкы 1 саатка аралыгында каралып, үй камагына чыгарылат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Бишкек ШИИББ алдына чыккан эл менен жолугушууда билдирди.
Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту Назаровду 48 саатка камаган. Бул тууралуу 23-январда адвокат Нурбек Токтакунов билдирип, Назаров милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.
Мыйзам боюнча, кармалган адамдын бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.
Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.
Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулганы, Свердлов райондук соту тергөөчүнүн кармоо тууралуу чечиминин мыйзамдуулугун карагандан кийин ал эркиндикке чыгарылары айтылууда.