• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМ төкмө акын Болот Назаровдун кармалганы боюнча маалымат берди

23 Үчтүн айы 202212:58 Бишкек Govori.TV

Иликтөөчү журналист Болот Темиров кармалган кылмыш ишинин алкагында жалпысынан эки адам шектүү катары өтүп жатканын, бири Темиров өзү, экинчиси төкмө акын Болот Назаров экенин бүгүн 23-январда ИИМдин башкармалык башчысы Сапарбек Аманкулов мекеменин алдында тынч митингде журналисттерге билдирди.

Журналистке байланыштуу кылмыш иш Жазык кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмү (баги каражаттарын сатууну көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо), 287-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту менен козголгон.

Ал эми ШИИБдин маалыматы боюнча, Назаровду кармоо учурунда андан 14,71 грамм салмактагы, атайын жыты бар зат табылган.

Экспертизанын корутундусунда ал зат 8,69 грамм салмактагы гашиш экени айтылып, Назаров 23-январда ШИИБге убактылуу камакка алынды.

Соңку жарыяланган иликтөөсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган Temirov Live YouTube каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров 23-январга караган түнү кармалган.

Милиция ага карата маңзатка байланыштуу арыз түшкөнүн билдирүүдө. Өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал «белгисиз зат» аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Количество просмотров: 4781