Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунда 11-апрелдеги болгон окуя боюнча Кылмыш кодексинин 234-беренеси («ээнбаштык»), 174-беренеси («бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») 233-беренеси («массалык башаламандык») боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында ИИМдин басма сөз борбору маалымдашты.
Эске салсак, Тогуз-Торо районундагы «Макмал» алтын комбинатынын жабылышын талап кылып митинге чыгышкан. Митинге чогулган эл алтын чайкоочу комбинатты өрттөп жиберишкен.
Белгилей кетсек, бүгүн 12-апрелде Тогуз-Торо районунда абал туруктуу экенин айылдын тургуну Govori.TV сайтына билдирген.
Бул ишке алып келгени үчүн райондун акими Тилек Идирисов кызматынан бошотулуп Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.