• Шаршемби 17 Кулжа 2026
  • Среда 17 Июнь 2026

Кочкордо 30,5 млн. сомдук жер тилкеси кайтарылды

15 Кулжа 202612:32 Бишкек Govori.TV

Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 30,5 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Райондук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Чолпон айыл аймагында 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси 1996-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке дыйкан чарбасына 99 жылдык мөөнөткө пайдаланууга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында аталган жер тилкесин пайдаланууга берүүгө байланыштуу укук аныктоочу актылар жараксыз деп табылган.

Ошентип, базар баасы 30 млн 500 миң сомду түзгөн 30 гектар сугат айдоо жер тилкеси Чолпон айыл аймагынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Количество просмотров: 123