• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

ИИМ: “Унаа издөө” иш-чарасында бир нече кылмыштын бети ачылды

27 Жалган куран 2023 17:31 Бишкек Govori.TV

«Унаа издөө» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп, уурдоо, алдамчылык жана башка кылмыштардын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-алдын алуу иш-чараларына Бишкек шаары боюнча 400 ашык милиция кызматкерлери тартылган. 108 обьект, анын ичинде унаа оңдоочу жайлар, унаа токточуучу жайлар текшерилип, унааларды уурдоо менен алектенген адамдарды аныктоо жана кармоо, уурдалган унааларды запастык бөлүктөргө чечкен жерлерди аныктоо иштери жүргүзүлдү. 100 ашык кылмыштын бети ачылды. Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагынан унаа уурдоого шектелген жаран 1999-жылы туулган Б.уулу А. кармалды. Аталган жаран мурда соттолгон, алынган маалыматтар боюнча ал эркиндигинен ажыратылган жайдан жакында гана бошотулган. Башка кылмыштардын да бети ачылды. Ош шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Унаа издөө” иш-чарасынын жүрүшүндө мурда жасалган 24 кылмыштын бети ачылды.

«Рейд учурунда 34 унаа токтоочу жайга коюлса, анын экөөсү унаа кагышкандыгы үчүн, 7 мыйзамсыз караңгылатылганы үчүн, 7 тиешелүү документтеринин жоктугунан, 1 айдоочу мас абалында болгон. Жалпысынан Эрежелерди бузуунун ар кандай фактылары боюнча 507 протокол түзүлдү. Баткен облусунда Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштын бетин ачышты — бирөөнүн банк картасынан акча чыгарып жаткан Алай районунун тургуну (программист) кармалды. Лейлек районунун тургуну банк картасынан дээрлик 43 миң 800 сомун жоготуп алгандыктан, милицияга кайрылган. Кылмыш өткөн жылдын аягында жасалган, ыкчам кызматкерлерге кылмышка шектүүнү аныктоого убакыт талап кылынган. Кармоо бир күн мурда «Унаа издөө» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө жүргүзүлгөн. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Андан сырткары, бул рейддик иш-чаранын журушүндө Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан телефон алдамчылыгына шектелген жаран кармалды. Алынган маалымат боюнча алдамчынын торуна Баткен облусунун эки жашоочусу илинген. Аларды алдоо менен шектүү 120 миң жана 50 миң сомду ээлеп алган. Телефон алдамчылыгына шектүү катары Чүй облусунун Москва районунун 20 жаштагы жашоочусу кармалды»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын эки айында автотранспорт каражаттарын уурдоого байланышкан 41 кылмыш жасалган. Ушул эле мезгилде 166 айдоочу жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Анын ичинен 5 жол кырсыгы өлүм менен коштолгон.

Количество просмотров: 3479