• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ видеосу интернетке тараган мушташ боюнча үн катты

11 Үчтүн айы 2018 21:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.01.18. Govori. TV

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы видеосу интернетке чыккан мушташ боюнча үн катты. Башкармалыктын  басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей  бул окуя Каракол шаарындагы Карасаев жана Фучик көчөлөрүндө жайгашкан «Доя» лыжа сатуу жайынынын жанында болгон.

Маалыматка ылайык мушташ лыжа сатуу жайында иштеген жигиттер менен спорт шаймандарын ижарага алган адамдардын ортосунда болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, лыжа жабдыктарын ижарага алгандар таякты сындырып коюп, анын акысын төлөөдөн баш тартканы пикир келишпестикке себеп болгон. Тараптардын айтышы мушташка чейин жеткен. Ушу тапта мушташкандар элдешип, келтирилген зыян төлөнүп берилген.

Эскерте кетсек, 5-январда бир нече кишинин мушташы тартылган видео интернетке жарыяланып элдин талкуусуна алынган.

Количество просмотров: 12