• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ИИМде кадрдык өзгөрүүлөр

2 Бештин айы 201714:40 Бишкек Govori.TV

Милиция тармагында  жетекчилер орун алмашты. ИИМдин маалымат кызматы  Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Уланбек Аалиев, ал эми Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына Нурлан Сарчаев жетекчи болуп дайындалганын кабарлады.

Экөө теӊ  «Даңк» медалынын ээлери.  Нурлан  Сарчаев буга чейин Нарын облустук ИИБдин начальниги,    ал эми Уланбек Аалиев Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы  Канат Жумагазиев  Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган.

 

Количество просмотров: 38