• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

ИИМдин күзөт кызматында иштегендерге мыйзам жокпу?

22 Теке 2019 19:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.

 «Говори ТВ» мультимедиалык агенттиги аркылуу Бишкек шаарынын тургуну Марат Теңизбаев ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылды.

Анын айтымында, ушул жылдын 13-июлунда Бишкек шаарынын Токтоналиев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен анын автоунаасын ИИМге караштуу атайын адистештирилген күзөт башкармалыгынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкери Тынычбек Исаков кызматтык унаасы менен жол эрежесин бузуп, катуу ылдамдыкта сүзгөндүгүн, бирок, учурда мыйзам алдында жооп берүүдөн качып жаткандыгын айтат. Жабырлануучунун жанында жубайы Чынара Теңизбаева дагы болуп, учурда ооруканада дарыланууда.

Жабырлануучунун жактоочусу А. Галактионовдун маалыматына караганда башкармалыктын кызматкери Тынычбек Исаков жол эрежесин одоно бузгандыгын жана ички коопсуздук кызматы бул ишке кайдыгер мамиле жасап, кызматтык иликтөө жүргүзбөй жаткандыгын белгилейт.

Количество просмотров: 13