• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Икрамов Панкратовдун компетенциясынан жана кесипкөйлүгүнөн шектенип жатканын айтты

23 Бугу 201911:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.

Депутат Тазабек Икрамов Экономика министри Олег Панкратовдун компетенциясынан жана кесипкөйлүгүнөн шектенип жатат. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин отурумунда айтты.

Анын билдирүүсүнө караганда, аймактарга инвестиция түшпөй жатат. 2018-жылы капиталдын кескин агылып чыгышы байкалууда. Депутат буга Олег Панкратов күнөөлүү деп эсептейт.

«Экономика министри инвесторлор менен иштешпейт. Мен буга чейин бир канча жолу айткам, бирок эч кандай реакция болгон жок. Эгерде ушундай көрүнүш улана берсе, анда Олег Панкратовдун ээлеген кызматы тууралуу маселени көтөрүш керек деп ойлойм», -деди ал.

Количество просмотров: 14