• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ильхам Алиев Кыргызстанга келди  

5 Жетинин айы 202414:46 Бишкек Govori.TV

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасына келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.   

Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.  

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Количество просмотров: 149