• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров менен Алиев окуучулар менен бирге мектеп тамагынан даам сызышты (сүрөт)

12 Тогуздун айы 2022 13:56 Бишкек Govori.TV

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 12-октябрда, Бишкек шаарындагы №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиев ысымын ыйгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Аземдин алкагында өлкө лидерлери мектептин залдарын жана класстарын кыдырып чыгышты. Класстарды көрүү учурунда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев футбол тобуна кол коюп, окуучуларга белек кылды.

Президенттер мектептин ашканасында башталгыч класстын балдары менен эртең мененки тамакта баарлашып, алар менен мектептин тамагынан даам сызышты.

Ардактуу меймандар үчүн мектептин окуучулары Кыргызстан менен Азербайжандын достугун чагылдырган ырларды окуп, ырдап, ошондой эле «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтышты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев балдардын талантын белгилешип, алардын окууларына ийгиликтерди жана жаркын келечекти каалашты.

Количество просмотров: 829