• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жапаров менен Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

11 Тогуздун айы 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү. 

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.

Количество просмотров: 77