• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Илим Карыпбеков экс-мэр Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды

27 Бугу 2021 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешине Кыргызстан элдик демократиялык партиясын (КЭДП) баштап барган Илим Карыпбеков калаанын мурдагы мэри Азиз Суракматовду үй камагына чыгарууну суранды.

Ал 27-майда ушундай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге «Фейсбукта» видеокайрылуу жасады.

Суракматов партиянын штаб башчысы катары ишмердигин улантып келатканын билдирген Карыпбеков штаб башчынын камакта отурушу партиянын кийинки кадамдарына таасир этиши мүмкүндүгүн белгиледи.

«КЭДПнын кийинки шайлоого катышуусуна же катышпай калуусуна, курамынын өзгөрүшүнө саясий боёк, басым таасир этти деген ойдо калбашыбыз керек», — деген Карыпбеков экс мэр өзүнүн актыгын мыйзам чегинде далилдей ала турганын айтты.

Азиз Суракматов коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып 26-майда кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 144