• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Илимдер академиясына жаңы академиктер шайланды. Алар кимдер?

6 Баш оона 20219:55 Бишкек Govori.TV

Илимдер академиясынын жаңы академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү шайланды.

Илимий наамдарга шайлоо 5-августта өттү. Он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы 14 академиги шайланды. Арасында Сыртбай Мусаев, Осмонакун Ибраимов, Осмон Тогусаков, Абылабек Асанканов, Чолпонкул Арабаев өңдүү окумуштуулар бар.

Ошондой эле, академиянын 35 корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Алардын катарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, юрист-окумуштуу Бекбосун Бөрүбашев жана башкалар бар.

Количество просмотров: 893