Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мамлекет тарабынан башкарууга берилген кыймылсыз мүлктөрдү пайдалануу ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жүрүшүндө имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш ишинин алкагында УИАнын айрым кызматкерлери жеке кызыкчылыктарын көздөп, баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, ижара акысын өздөрүнө алып жүрүшкөнү аныкталган. Учурда мамлекетке келтирилген зыян аныкталууда.
«Андан тышкары УИАдан өлкө боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалымат алынды. «КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине ылайык УИАнын мүлкү УИАнын башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекет УИАга жерди жана башка мүлктөрдү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет. УИАга берилген мамлекеттик мүлк башка тараптарга берилбейт. Ошондой эле борбор калаада жайгашкан объект иш жүзүндө УИАга тиешелүү, бирок документтери (мамлекеттик акт, техникалык паспорт, тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоосу) болбогондуктан мыйзамдуу түрдө ээсиз деп табылгандыгы аныкталды. УКМКнын көмөгү менен керектүү документтерди тариздөө үчүн жерди топографиялык сүрөткө тартуу иштери демилгеленди», — деп жазылат маалыматта.
13-июнда УИАга жалпы аянты 3,36 га болгон жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды.