• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку сот Карабаевдин арызын канааттандырган жок

12 Жетинин айы 202412:08 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Жогорку соту 12-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин кызматынан мыйзамсыз бошотулганын айткан арызын карап, Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу укук коргоочу Гулшайыр Абдирасулова билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку сот Жоомарт Карабаевдин доо арызын канааттандырбай, шаардык соттун чечимин күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, Карабаев Улуттук илимдер академиясынан мыйзамсыз бошотулганын билдирип, жыл башында сотко кайрылган. 2-июлда УКМК кызматкерлери Карабаевди суракка алгандан кийин кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып коюлуп, камакка алынган. Тергөө абагында жаткан кезинде да Карабаев Улуттук илимдер академиясынын жетекчилигин «мажбурлап экспертиза жасатат» деген билдирүү тараткан. Академия жетекчилиги аны четке каккан.

Карабаев октябрь айында үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 147