• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Ильяздын ыры» кыргыз-казак кыздарынын аткаруусунда

18 Бештин айы 2018 15:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.12.2018.Govori.TV

1.Швецияда жашаган атактуу азер ырчысы Араз Элсестин Кыргызстанда тартылган жаңы клиби чыкты. Клип Ысык –Көлдө жана Чүй өрөөнүндө тартылган. Ырдын аталышы “Чабан кызы” деп аталат. Араз Кыргызстанды жалпы түрк элдеринин түпкү мекени деп эсептеп, ар дайым: “Биздин ата-бабаларыбыз ушул аймактан дүйнөгө тараган”,-деп айтып келет. Эске салсак, ал 2017-жылы сөзү, обону экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Кыргызстаным” деген ырды аткарып чыккан. Ал Түркияда, Иранда, Азербейжанда өзгөчө популярдуу ырчы..

 2. Борбордук Азиядагы Америка Университетинин студенти Арина Тургунбекова “Ильяздын ырын” аткарып чыкты. Комуз менен аткарылган бул ырды казак тобу ырдаган ыр менен салыштыргандар болууда. Көпчүлүгү  ырдын комуздун коштоосунда кулакка жагымдуу угулганын айтышып, Аринага ийгилик каалашкандар. Буга чейин чыгарманы казакстандык топ кыргыз тилинде казактын улуттук аспабын колдонуп аткарышкан.

3.Шанхай шаарында өткөн эл аралык фестивалда  Казакстандык Димаш Кудайберген  “Жылдын ырчысы” наамына татыды. Бул тууралуу ал өзүнүн  инстаграм баракчасына жазып,кубанычы менен бөлүштү.

Количество просмотров: 28