• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Хабиб Нурмагомедов Google рейтинги боюнча 5-орунга чыкты

17 Бештин айы 2018 14:59 Бишкек Govori.TV

17.12.2018.Govori.TV

1.15-декабрда Айгерим Расул кызы    уулду болду. Экинчи ирет эне статусуна ээ болгон ырчынын уулуна ысымды атасы Расул Маматкулов жана апасы Катя Маматкуловалар ыйгарышты.

Бул тууралуу ырчы социалдык желедеги баракчасына жазып, кубанычы менен бөлүштү.

Ырчы “Аллахка чексиз шүгүр. Мен эми экинчи ирет эне болуп олтурам. Элмырза! Кубанычыбызда чек жок. Жаратканга шүгүр!”,-деп жазды. Мындан сырткары Айгерим Расул кызынын сахналаш достору, кесиптешетери жана жакын адамдары куттуктап жатышат.

 

2. Google дун рейтинги боюнча UFCнин жеңил салмак боюнча чемпиону Хабиб Нурмагомедов 5-орунга чыкты. Ал 2018-жылдын эсебинде колдонуучулар тарабынан эң көп изделген. Бул тууралуу “Спорт экстра” маалымат таратты. Ал эми Хабиб Нурмагомедовдун аттаандашы Конор МакГрегор 9-орунга чыккан.

 

3. Кыргызстандын атынан “Аалам сулуусу” конкурсуна катышып жаткан кыргызстандык суулуу Бегимай Карыбекова инстаграммдагы баракчасы аркылуу  конкурстун жүрүшү менен сүрөттөрдү жарыялап бөлүшүүдө. Анын жарыялаган сүрөттөрүнүн арасында кызыл көйнөк кийип түшкөн сүрөттөрү дагы бар. Карыбекова конкурстун графиги оор болгону менен конкурсанттар  менен атаандашуу сахнада эле билинип, калган учурда бир туугандай ынтымактуу жүрүшкөнүн билдирген. Эске сала кетсек сулуулар конкурсу Бангкок шаарында өтүүдө. Бегимай Карыбекова буга чейин конкурстун улуттук кийим жана купальник кийип чыккан бөлүктөрүн ийгиликтүү өткөрүп алган. 

Количество просмотров: 12