• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотту

18 Бештин айы 202414:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 18-декабрда Имамидин Ташов ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча Улуттук борбордун директору Бакытбек Касымкулов билдирген.

Б. Касымкулов И.Ташов отурган СИЗО-1ге кирип аны менен жолуккан. Ал ишкерге ачкачылыкты токтотуп, өз пикирин билдирүүнүн башка жолдорун кароону өтүнгөн. Абакта отурган ишкер ачкачылыкты токтоткону боюнча арызын жазып берген.

Эске салсак, 6-декабрда сот ишкердин абакта болуу мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Ушундан кийин ал мойнун кесүүгө аракет кылган. Кечээ 17-декабрда да күзгүнүн сыныгы менен ичин тилип, өзүнө кол салган.

И. Ташовго бийликти күч менен басып алуу жана ага чакыруу, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өткөндүгү боюнча айыптар коюлуп келет.

Количество просмотров: 204