• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялады

29 Аяк оона 202516:08 Бишкек Govori.TV

Абактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын жактоочусу Асел Аргымбаева билдирди.

Анын айтымында, ал Бишкектеги №1 СИЗОдогу мыйзам бузуулар боюнча КР Башкы прокуратурасына, КР Акыйкатчысына, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына жана башка органдарга арыз жолдогондон кийин ага карата кысым көрсөтүлө баштаган.

Эске салсак, Имамидин Ташовду Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-июлда үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Райондук соттун өкүмүнө каршы адвокат шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. Бишкек шаардык сотунда Ташовдун апелляциялык арызы карала баштаган. 26-сентябрга белгиленген сот отуруму котормочу жок болгондуктан 17-октябрга жылган болчу.

Количество просмотров: 127