• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

2 айдан бери ачкачылык кармап жаткан абактагы Султанбековдун абалы кандай?

14 Үчтүн айы 202513:14 Бишкек Govori.TV

Тергөө абагында эки айдан бери ачкачылык кармап жаткан саясатчы Темирлан Султанбековдун абалы бир топ начарлап кеткен. Бул тууралуу Кадыр Атамбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын маалыматына ылайык, Султанбековдун муундары калчылдап, буту шишип, ал эми бир бутунун манжалары кыймылдабай жатат.

«Адвокаттар Султанбековдун буту тамандын баштап кыймылдабай калганын каттоого алышкан. Катуу баш айлануу, олуттуу салмак жоготуу, колдордун тынымсыз титирөөсү, жүрөк аймагындагы оору, аритмия, боор аймагындагы оору, көрүү көйгөйлөрү бар. Тергөө абагында дарыгерлердин жоктугу жана медициналык адистерден тез арада консультация алуу мүмкүн эместиги анын ден соолугуна болгон прогнозду бир топ начарлатат», — деп жазылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Буга чейин Темирлан Султанбековдун адвокатты анын абалы тууралуу видео билдирүүсүн фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Анда адвокат Султанбековдун саламаттыгы начарлап, медициналык жардам талап кылынары тууралуу сот жараянында дарыгер маалымдаганына судья көңүл бурбаганын айткан.

Ал эми Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков медициналык комиссиянын кароосунан өткөнүн 13-январда «Азаттыкка» билдирген.

«Жүргүзүлгөн клиникалык-биохимиялык анализдер норманын чегинде, ЭКГ жана ички органдарынын УЗИ диагностикасынын жыйынтыктары эч бир патология тапкан жок. Темирлан Султанбековго тиешелүү медициналык дарылоо сунушталууда», — деп айтылат маалыматта.

ЖАК Султанбековдун ден соолугун тыкыр көзөмөлдөп, зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүп жатканын, ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Эске салсак, 26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.

Количество просмотров: 423