Тергөө абагында эки айдан бери ачкачылык кармап жаткан саясатчы Темирлан Султанбеков өз алдынчы баса албай калган. Бул тууралуу Кадыр Атамбаев соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлап, жактоочунун видеосу менен бөлүштү.
Жактоочунун билдирүүсүнө ылайык, Султанбековдун абалы начарлап жатат.
«Анын сол буту кыймылдабай жатат. Султанбеков балдак же кароолдун жардамы менен гана кыймылдап жатат. Анын дене табы дайыма 35 градустан төмөн деңгээлде кармалып турат. Титирөөсү басыла элек, мындан тышкары ички органдары да катуу жабыркап жатат. Анын бутунда кан айлануусунун жоктугунан жаралган гематомалар бар, аны сүрөткө тартууга уруксат беришкен жок», — дейт жактоочу.
Эске салсак, буга чейин Темирлан Султанбековдун адвокаты анын саламаттыгы начарлап, медициналык жардам талап кылынары тууралуу сот жараянында дарыгер маалымдаганына судья көңүл бурбаганын айткан.
Ал эми Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы Бишкектеги №1 тергөө абагында ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков медициналык комиссиянын кароосунан өткөнүн 13-январда «Азаттыкка» билдирген.
«Жүргүзүлгөн клиникалык-биохимиялык анализдер норманын чегинде, ЭКГ жана ички органдарынын УЗИ диагностикасынын жыйынтыктары эч бир патология тапкан жок. Темирлан Султанбековго тиешелүү медициналык дарылоо сунушталууда», — деп айтылат маалыматта.
ЖАК Султанбековдун ден соолугун тыкыр көзөмөлдөп, зарыл болгон медициналык жардамды көрсөтүп жатканын, ошондой эле түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
26 жаштагы Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер 2024-жылдын 13-ноябрынан бери камакта. Султанбеков 13-ноябрда, милиция кызматкерлери кармаган күндөн тартып ачкачылык жарыялаган. Жакындары ал суу жана шире гана ичип жатканын, бул аралыкта ал 12 кг арыктап, саламаттыгы начарлаганын айтып, бийлик башындагылардан аны бошотууну сурашкан.