Бишкек.27.06.2019.Govori.TV.
«Эгер куранды бузса кудайдын жазасын тартат, мыйзамды бузса соттун жазасын тартат, антты бузса каргыштын жазасын тарат. Анттын каргышы 100 жылдык. Биринчи ант анан нарк бузулду». Мындай пикирин ЖК депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн ЖКнын жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алууну талкуулап жатканда айтты.
Эске салсак, бүгүн парламент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратышты. Жогорку Кеңештин отурумунда кабыл алынган бул чечимге 103 депутат макул деген добуш берди, ал эми 6 эл өкүлү каршы болду.