Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.
Депутаттар Атамбаевди жоопко тарта албаса парламент таркайт. Мындай билдирүусүн ЖК депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.
Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети тең удаа карап, дароо макулдугун берди.
Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусун адегенде Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карады. Андан кийин маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте талкууланды.
Эми маселе парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.