Бишкек.21.05.2019.Govori.TV.
“Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Кыргызстанда гана эмес, Улуу Британияда дагы активтүүлүгүн көрсөттү. 2019-жылдын 17-майында Кембридж университетинде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин Улуу Британияда англис тилинде басылган «Каганат» аттуу китебинин бет ачаары болду. Ал иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Садык Шер-Нияз да катышып ангилис тилинде сүйлөп, баарын таң калтырды.
Китеп Евразиялык чыгармачыл гильдиянын колдоосу менен жарыкка чыкты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Евразиялык чыгармачыл гильдиянын төрагасы Марат Ахмеджанов, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Гульнара Искакова жана Кембридж университетинин Орто Азия форумунун мүдүрү, доктор Сидхарт Саксена бул китеп тууралуу өздөрүнүн ойлорун айтышты.
Андан тышкары, иш-чарага Индия, Пакистан, Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн Кембридж университетинде эмгектенип жаткан студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышып, иш-чара кызыктуу өттү.
Булак: chyndyk.kg