• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Иманалиевдин «Кыргыздары» эл аралык сыйлыкка татыды

10 Аяк оона 2018 9:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу китеби КМШ мамлекеттеринин «Китеп маданияты» сынагында «Шериктештик» номинациясында биринчи орунду алды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 7-сентябрда Москвадагы эл аралык китеп жармаңкесинин алкагында өткөнүн парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Сынакты КМШ уюмунун Мамлекет аралык кеңеши басма багытындагы кызматташуу алкагында уюштурду.

Иманалиевдин «Кыргыздар» китеби англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат.

Каныбек Иманалиев Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын депутаты.
Количество просмотров: 41