• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Иманкулов: Чек ара маселесин чечүү үчүн сөзсүз эле курал колдонуунун кереги жок

17 Аяк оона 2019 16:36 Бишкек Govori.TV

Бул маселени чечүү үчүн сөзсүз эле курал колдонуунун кереги жок. Мындай пикирин генерал-майор, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы, «Таза Кыргызстан» партиясынын лидери Марат Иманкулов АКИ пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Азыркы болуп жаткан кырдаалдан улам жаштардын да чогулуп жатканын уктум. Мындай болбоосу керек. Баардык маселелерге жакшылап көңүл бурсак, каалообуз күчтүү болсо баары чечилет. Эгер керек болсо биз да ветерандар чогулуп барууга даярбыз, бирок бул маселени тынч жолу менен чечүү гана керек», — деди ал.

Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, натыйжада бир чек арачы көз жумуп, бир нече адамдар жаракат алышкан.

Количество просмотров: 134