• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Иманкулов Евробиримдиктин Афганистан боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

3 Бештин айы 2022 12:18 Бишкек Govori.TV

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Европа Биримдигинин Афганистан боюнча атайын өкүлү Томас Никлассон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту коргоо, эл аралык терроризмге, баңги аткезчилигине каршы күрөшүүгө көмөктөшүү, ошондой эле аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Афган маселелери боюнча эл аралык өз ара аракеттенүүнүн приоритеттүүлүгү жана афган элине тез арада гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Количество просмотров: 131