• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

4 Чын куран 20258:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 3-апрелде, Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн ынак коңшулук, өз ара урматтоо жана конструктивдүү диалог принциптерин жактай тургандыгын ырасташты.

Количество просмотров: 205