• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Азия боюнча жетекчиси менен жолугушту

20 Жетинин айы 202415:43 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан менен жолукту. Жолугушуусунун жүрүшүндө экономика, тоо-кен, каржы жана инвестиция тармактарында кызматташуу боюнча сөз болду. 

Акылбек Жапаров энергетика, транспорт жана ирригация тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн маанилүү фактор экенин айтып, колдоо көрсөтүү жана каржылоо боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын тажрыйбасын эске алуу менен кызматташуунун алкагында ири көлөмдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатка ылайыктуулугун билдирди. 

Өз кезегинде ЕРӨБдүн Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан, Кыргыз Республикасы менен болгон жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, азыркы учурда ЕРӨБ 10 долбоордун алкагында иш алып барып жатканын билдирди.

Количество просмотров: 111