«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды боюнча маселе 7-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде каралат.
31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан Инандыны издөө иштери тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын угуу кечээ 3-июнда Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилген. Бирок белгисиз себептерден улам маселе күн тартибинен алынып салынган.
3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөргөн.
Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.
Эске салсак, 1-июнга караган түнү «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгону белгилүү болгон. Ал үйүнөн 31-майда саат 18:00 чамасында чыгып кеткен.
Саат 21:00дө жубайы менен телефон аркылуу байланышкан. 1-июнга караган түнү саат 4:20да милицияга Орхан Инанды дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат түшкөн.