• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Индонезиядагы суу ташкыны 60тан ашуун адамдын өмүрүн алды

23 Бештин айы 2018 12:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV

Индонезияда суу ташкыны каптап 60тан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Индонезиянын табигый кырсыктарды алдын алуу агенттигине таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.


«22-декабрь күнү кечинде каптаган цунаминин кесепетинен кеминде 62 адам каза болуп, 20дай адам дайынсыз болууда. Мындан сырткары, 430 үй, жана бир нече мейманкалар кыйрап, 584 адам жабыркады», — деп айтылат маалыматта.


Айрым маалыматтарга караганда, ташкындын пайда болушуна 1983-жылы атылган Анак-Кракатау жанар тоосунун кайра жанданышы себеп болушу мүмкүн.


Индонезиялык басма сөз каражаттары билдиргендей, азыркы учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, куткаруу иштери журуп жатат.

Количество просмотров: 30