• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Батыш Казакстанга дагы жүздөгөн аскерлер менен куткаруучулар жөнөтүлүүдө

22 Чын куран 2024 15:32 Бишкек Govori.TV

Орол шаарын селден коргоо үчүн Батыш Казакстан облусуна кошумча күчтөр жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу 22-апрелде казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Вице-премьер-министр Канат Бозумбаев суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн Батыш Казакстан облусуна Маңгыстау жана Актөбө облустарынан, Астана жана Алматыдан дагы 500 аскер кызматкерлерин жана куткаруучуларды жөнөтүүнү тапшырды. Учурда ӨКМ менен Коргоо министрлигинен 200 адам Оролго барып, ишке киришти», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жээктерди бекемдөө иштерине жалпысынан облус боюнча 10,6 миңден ашык адам жана шаарда 6,4 миңден ашык адам, ошондой эле эки миңден ашык техника тартылган.

Казак бийлиги сел коркунучу бар аймактагы дарыялардын жээгиндеги топурактан жасалган дамбаларды дагы бир нече метрге көтөрүүнү тапшырды.

Ай башында казак өкмөтү батыш аймактарды суудан коргоо үчүн 10 миңден ашуун аскер мобилизацияланганын билдирген.

Жекшембиде Орол шаарынын аймагындагы Урал (Жайык) дарыясында суунун деңгээли нормадан 8,5 метр ашты. Анын кесепетинен дарыяга жакын дачаларды суу каптаган. Суу ташкыны Жайык жана Шаган дарыяларына жакын жайгашкан кичи райондорго да жеткен.

Сел башталгандан бери облуста 136 чакырымдан ашык дамба курулса, анын 45 чакырымы Оролдогу Жайык жана Шаган дарыяларынын жээгине туура келет.

Количество просмотров: 274