Бишкек.19.05.2019.Govori.TV.
Индонезиянын Түндүк Суматра аймагында бир абактан 154 кылмышкер качып кетти. Бул тууралуу «Антара» агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, абакта тинтүү учурунда бир кылмышкерден баңгизат табылып, ошол учурда башка айыпкерлер түрмөнү өрттөө жолу менен баш аламандык уюштуруп, натыйжада 154 адам качып кеткен.
Учурда жергиликтүү полиция качкындардын көпчүлүгүгүн кармап, калган 51 айыпкерге издөө иштери кызуу жүрүп жатканын айтышкан.