• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Инфографика: Кыргызстандыктардын 2018-жылдагы кыялдары

24 Үчтүн айы 2018 12:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.01.2018. Govori.TV

SIAR консалтингалык-изилдөө компаниясы кыргызстандыктардан 2018-жылдагы кыялдары тууралуу сурамжылоо жүргүздү. 

Кыргызстаныбызда тынчтык,  туруктуулук, ден соолук жана бакыт болсун — деген кыргызстандыктардын эң алгачкы кыялдарынын бири.

Ошондой эле кыргызстандыктардын көбүнүн кыялы турак-жайлуу болуу экени дагы  талашсыз. Айрыкча Бишкектен турак жайлуу болуу үчүн мекендештерибиз жылдап акча чогултуп, же насыя алып, жана  чет өлкөлөргө  барып иштөөгө да аргасыз болушат.

Кыргызстандыктардын кыялдарынын дагы бири бул- жакшы билим алуу, үй бүлө куруу жана жогоруу жумушта иштөө болуп саналат. Анткени жашоо шартын жогорулатуу үчүн биринчиден маянасы жогоруу жумушу болушу керек. Ошондой эле чет өлкөгө эс алуу, үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөрүү, жеке ишкерчилик баштоо, үйгө керектүү эмеректерди жана унаа сатып алуу үчүн дагы аягы барып каржы маселесине такалат.

Количество просмотров: 36