Бишкекте такси кызматынын айдоочусу милициянын Патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен окуя боюнча компания билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, милициянын кайгуул кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбей, аны капотуна сүйрөп кеткен айдоочу иштен алынды.
«Биз болгон окуяга таң калып, айдоочунун мындай жүрүм-турумун жонсуз деп эсептейбиз. Айдоочу системада бөгөттөлдү, эми буйрутмаларды ала албайт»,-деп айтылат маалыматта.