Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Беловодскийдеги психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин 2011-жылы туулган тарбиялануучусунун зордук-зомбулукка кабылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирүү таратып, бул иш боюнча Москва райондук ички иштер органдары тарабынан балага карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамиле фактысын тастыктоо үчүн тергөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирет.
«Ички териштирүү учурунда, комиссия баланын денесинде белгисиз себептерден улам пайда болгон көк-ала тактарды аныктаган. Бала тарбилянып жаткан топ менен иштеген кызматкерлерге функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн тартиптик жаза чаралары колдонулган, ошондой эле аталган кызматкерлер башка топторго бөлүштүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, министрлик тарабынан аталган фактыны иликтөө үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү да курамына кирген ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.