• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Интернет жылдызынын концертинде 2 бала ата-энесинен адашып кетти

21 Кулжа 2022 21:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнда бир күндүн ичинде атактуу болуп, интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылык кечеси өтүп жатат. Анда 2 бала ата-энесинен адашып кеткени маалым болду.

Белгилей кетсек, Бишкектеги «Ынтымак-2» паркында Бегимай Турусбекова шаар тургундарына өнөрүн тартуулап жатат, концертке жүздөгөн адамдар чогулган.

Эске салсак, Бегимай Турусбекова буга чейин дүйнөлүк хиттерди аткарып, мекендештерин вокалдык чеберчилиги менен суктандырган. Интернет колдонуучулар анын талантын баалап, алкыш сөздөрдү бүгүнкү күнгө чейин жазышууда.

Количество просмотров: 3758