Борбор калаадагы Ынтымак сейил багында ырдап атагы чыккан Бегимай Турусбекова кыздуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалымат боюнча, Турусбекова 14-январда көз жарган.
“Урматтуу достор жана менин сүйүктүү элим! 2022-жыл мен үчүн эң бактылуу жыл болду. Жашоомдогу бактылуу көз ирмемдер үчүн өткөн жылга, элге терең ыраазымын. Бактылуу күндөрүм ушуну менен токтоп калбасын жана 2023-жыл баарыбыз үчүн эң бай, эң бактылуу, эң ийгиликтүү жыл болсун», — деп жазат Бегимай.