• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жылдызга айланган келиндин концертинен түз эфир миңденген элди чогултту

21 Кулжа 2022 22:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-июнда бир күндүн ичинде атактуу болуп, интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованын чыгармачылык кечеси өтүп жатат.

Бишкек шаарынын «Ынтымак-2» эс алуу багына уюштурулган концертке жүздөгөн шаар тургундары чогулуп, жандуу үн менен аткарылган чыгармаларды угушууда.

Ал эми социалдык тармакта чыккан түз эфирлер да миңдеген көрүүчүлөрдү топтоду. Алар чет өлкөдөн, Кыргызстандын ар аймактарынан экенин айтышып, колдоо сөздөрүн, мактоолорун жолдошууда.

Govori.TVнын түз эфири жүрүп жаткан учурда жазылган билдирүүлөрдүн бир нечесин сунуштайбыз:

Эске салсак, Бегимай Турусбекова буга чейин дүйнөлүк хиттерди аткарып, мекендештерин вокалдык чеберчилиги менен суктандырган. Интернет колдонуучулар анын талантын баалап, алкыш сөздөрдү бүгүнкү күнгө чейин жазышууда.

Количество просмотров: 14271