• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себеби айтылды

24 Тогуздун айы 2022 12:39 Бишкек Govori.TV

Санариптик өнүктүрүү министрлиги интернеттин жарым-жартылай үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү. Маалыматка ылайык, магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет үзгүлтүккө учуроодо.

“Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет”, — деп айтылат маалыматта.

“Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди. Учурда бардык зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 168