Бүгүн, 11-июнда саат 1:00дөн баштап интернет байланышынын үзгүлтүккө учурашы байкалып, натыйжада «Манас» эл аралык аэропортундагы каттамдарга жүргүнчүлөрдү каттоо кечеңдеген.
Аэропорттун маалыматына ылайык, техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Дубай, Анкара, Стамбул, Анталия жана Ош багытындагы каттамдар кечиккен.
Саат 3:00гө чейин негизги системалар жарым-жартылай калыбына келтирилгени кабарланган, андан кийин аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү каттоону башташкан.