• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Иран-Кыргызстан беттешине улуттук кураманын тизмеси

4 Аяк оона 202421:20 Бишкек Govori.TV

5-сентябрда Ирандын «Фуладшехр» стадионунда 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун алкагында футбол боюнча улуттук курама команда Иран менен конокто беттешет.

Максим Лисицындын жетекчилиги алдындагы Улуттук кураманын машыктыруучулар штабы оюнга чыга турган кураманын тизмесин жарыялады.

Улуттук кураманын тизмеси:

Дарбазачылар:
Токотаев Эржан («Шанлыурфаспор», Турция), Прядкин Артем («Дордой»), Чомоев Султан ( «Абдыш-Ата»).

Коргоочулар:
Кичин Валерий («Локомотив», Узбекистан), Козубаев Тамирлан («Истерн», Гонгконг), Браузман Християн («Абдыш-Ата»), Арслан Бакбердинов, Мищенко Александр, Бактыбеков Нурбол, Мамыралиев Суйунтбек, Дациев Саид ( «Дордой»), Кайрат Жыргалбек уулу («Абдыш-Ата»).

Жарым коргоочулар:
Шукуров Алимардон («Торпедо», Беларусь), Зарыпбеков Эльдияр («Чайка», Россия), Мерк Кай («Унион Титус Петанж», Люксембург), Кенжебаев Эрмек («Славия Мозырь», Беларусь), Абдурахманов Одилжон («Нефтчи»), Ахмедов Муролимжон ( «Дордой»), Атабаев Эрбол, Узденов Магомед («Абдыш-Ата»), Сталбеков Нурдөөлөт, («Алай»).

Чабуулчулар:
Мерк Кими («Пахтакор», Узбекистан), Алыкулов Гулжигит («Неман», Беларусь), Кожо Жоел («Динамо-Самарканд», Узбекистан), Батырканов Эрнист («Мурас Юнайтед»).

Эске салсак, курама команда 23-августтан тарта 2-сентябрга чейин Стамбул шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү. Учурда курама Исфахан (Иран) шаарында Иран менен боло турган беттешке даярданууда.

Количество просмотров: 52