• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Иранда акция катышуучусуна алгачкы жолу өлүм жазасы чыкты

14 Жетинин айы 2022 17:25 Бишкек Govori.TV

Иранда сентябрдын ортосунан бери уланып жаткан нааразылык акциялардын бир катышуучусуна карата өлүм жазасын тартуу өкүмү чыгарылды. Бул тууралуу жергиликтүү Mizan Online агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, айыпталуучу Саман Сейди өкмөттүк имаратты өрттөөгө, коомдук тартипти бузууга, улуттук коопсуздукка каршы кылмыш кылуу максатында кутум уюштуруу жана курал-жарак колдонууга күнөөлүү деп табылды. Иран бийлиги аны «Кудайдын душманы» деп жарыялады.

Мындан тышкары дагы беш киши «улуттук коопсуздукка каршы кылмыш кылуу максатында кутум уюштуруу» жана «коомдук тартиптик бузуу» айыптары менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөттөргө соттолгону кабарланды. Mizan Online басылмасы белгилегендей, айыпталуучулар бул өкүмдөр боюнча апелляциялык арыз жазса болот.

Иранда нааразылык акциялар сентябрдын ортосунда – хижабды туура эмес салынганы үчүн кармалган 22 жаштагы студент Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталган. Акция катышуучулары анын өлүмүнө адеп-ахлах полициясын айыптап жатышат.

Маалыматтарга караганда, Амининин өлүмү тууралуу алгачкылардан болуп жазып чыккан эки журналист – Нилуфар Хамеди менен Элаэ Мохаммади да өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ирандын бийлиги аларды «мамлекетке чыккынчылык кылууга» жана «АКШнын атайын кызматтарына иштөөгө» айыптоодо.

Ирандын өкмөтү өлкөдө болуп жаткан окуялар тууралуу маалыматтардын дүйнөлүк ЖМКларга чыгып кетүүсүнө жол бербөөгө аракет кылууда. Акциялар башталгандан бери 40тан ашык журналист камакка алынды. Эркиндикте жүргөн журналисттер аңдуулар болуп, телефондору тыңшалып жатканына даттанууда.

Иранда эки айдан бери уланып жаткан нааразылыктар маалында 300дөн ашык киши өлүп, дээрлик 15 миң адам кармалды. Алардын көбү «Кудайга каршы согуш баштоого аракет кылган» деп айыпталган демонстант сыяктуу өлүм жазасына тартылышы мүмкүн:

Количество просмотров: 76