• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстан соңку окуялардан улам өз жарандарын Иранга барбай турууга чакырды

28 Бирдин айы 202616:38 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министирлиги 28-февралда жарыялаган билдирүүсүндө «Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна жана Ирандын аймагына жасалып жаткан аба соккуларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын кырдаал туруктуу болгонго чейин Иранга баруудан карманууга катуу сунуштайт» деп айтылды.

Ирандын аймагында жүргөн кыргызстандык жарандарга өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда дароо Кыргызстандын Тегерандагы элчилигине же ТИМдин Консулдук департаментине төмөндө көрсөтүлгөн байланыштар аркылуу кайрылуу сунушталат:

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги (Тегеран шаары):
+98 21 2283 0354, +98 935 250 5229
E-mail: [email protected]

Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаменти (күнү-түнү):
+996 999 312 002
E-mail: [email protected]

28-февралга карата ачык булактардан алынган маалыматтарга ылайык, Түркия менен Иран ортосундагы мамлекеттик чек ара расмий түрдө жабылган жок. Чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары кадимки тартипте иштеп жатат.

Кошумча шашылыш байланыш телефондору:

Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы Ардактуу консулу:
+374 91 919191

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги:
+90 312 491 35 06, +90 545 689 68 00

Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги:
+993 12 48 22 95, +993 12 48 22 96, +993 65 69 40 59

Кыргыз Республикасынын Афганистандагы Элчилиги:
+93 77 9099326, +93 77 654 4504 (WhatsApp)

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги:
+994 993 312 312, +994 12 505 56 74, +994 55 750 53 01

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын өнүгүшүн тыкыр көзөмөлдөөнү улантат, ошондой эле жарандарды сабырдуулукту сактоого жана жеке коопсуздук чараларын так аткарууга чакырат», — деп айтылды өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин билдирүүсүндө.

Количество просмотров: 208